Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Ышкындын тамыры жана андан колго даярдалган боек. Ышкындын тамыры кеч күздө, ышкын түп бышкан кезде казылып алынат да, кабыгы аарчылып, майда-майда кертилип, көлөкө жерге өрүк кагындай кургатылат. Андан соң сокуга жанчылат. Кээде ага эчки талдын кабыгы да кошулуп даярдалат. Ышкын түп менен боелгон жүн, өңдөлгөн тери кочкул сары түскө өтөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ышкын өсүмдүгүнүн тамырынан алынган сары боёк. Кыргыздар илгери ышкындын тамырын казып алып, койдун, текенин, бугунун терилерин ийлеп, өңдөп, ышкындын түбүнө малма кылып боёп, тон, шым тиккен. Акактай сары боётуп, Ышкын түпкө малдырган. Кашатка дейре ар түрдүү, Жибек менен сайдырган (Чоробаев). – Үшүп баратсам үйдө ышкын түпкө боёткон сары тонум бар (Бейшеналиев).